Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Батыровдун Швецияда каттоодо турганы тастыкталды


Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянова “Азаттыктын” интернет эрөөлүндө билдирди. Анын айтымында, жакында Кыргызстанга Батыровдун Швецияда каттоого алынганы тууралуу кат келди. Кадыржан Батыров Швецияда жүргөнү жөнүндө маалымат алгач Украинадан келип, аны тактоо үчүн кыргыз тарап бул өлкөгө өтүнүч жөнөткөн эле.

Былтыр октябр айында Жалал-Абад шаардык соту Батыровду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн толугу бойдон мамлекеттин пайдасына чегерүү чечимин чыгарган. Жыл башында Жалал-Абад облустук соту бул чечимди күчүндө калтырган

Өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыров 2010-жылдын май-июн окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка катыштыгы бар деп айыпталып келет. Батыров өзү бул айтылгандарды четке каккан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG