Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Орусия Сербияга 800 миллион доллар насыя бөлүүнү убада кылды


Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Москвада Сербиянын шайланган президенти Томислав Николичти кабыл алган учурунда билдирди:

- Биз серб тарапка мурдагы жылы 200 миллион доллар насыя бөлгөнбүз. Азыр 800 миллион доллар өлчөмүндө экинчи траншты берүүгө даярбыз.

Путин серб президенти менен жолугушууда “Сербия биздин Балкандагы салттуу жана абдан маанилүү өнөктөшүбүз гана эмес, сербдерди диний бир туугандарыбыз катары карайбыз”, - деп белгиледи.

Президенттик кызматына расмий түрдө 1-июнда киришүүчү Николич Москвага шайлоодогу жеңишинин артынан эле келди.

Сербдердин мурдагы ашынган улутчул саясатчысы өлкөсүн Евробиримдикке мүчөлүк багытында алып барууну, бирок салттуу өнөктөшү Орусия менен бекем алаканы кармоону убада кылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG