Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

М.Ханекенин “Сүйүү” тасмасы Канн кинофестивалында баш-байгени утту


Фестивалдын жеңүүчүлөрү, 27-май, 2012
Фестивалдын жеңүүчүлөрү, 27-май, 2012
Фильмде оорукчан аялын караган картаң француз кишиси жөнүндө баян этилет.
Бул – австриялык кинорежиссер Михаел Ханекенин Каннда уткан экинчи “Алтын пальмасы”. 2009-жылы да Ханеке Каннда “Ак лента” фильми үчүн негизги сыйлыкты уткан.

Фестивалдын экинчи орундагы байгеси “Реалити-шоу” аттуу трагикомедиясы үчүн италиялык режиссер Маттео Гарронеге айгарылды. Ал эми “Караңгылыктан кийинки жарык” тасмасынын автору, мексикалык Карлос Рейгадас “мыкты режиссер” деп табылды.

Жылдын актеру деп “Мергенчилик” тасмасында ойногон даниялык Мадс Миккелсенди аташса, жылдын актрисасы наамын эки румыниялык актрисага – Кристина Флутур менен Космина Стратанга – беришти. Канн кинофестивалы кечээ кечинде аяктады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG