Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Марокколуктар өкмөткө каршы массалык демонстрацияга чыгышты


Марокконун эң ири шаары Касабланкада кечээ он миңдеген эл өкмөттү “убада кылынган реформаларды аткара албаганы үчүн айыптап” демонстрация чыгышты
Өлкөдөгү профсоюздар уюштурган жүрүштө адамдар айлык акыны көтөрүүнү, социалдык колдоону жакшыртууну талап кылышты. Марокконун падышасы Мухаммад-VI өткөн жылы аймакты каптаган “арап жазын” өзүндө токтотуп калыш үчүн бир топ ыйгарым укуктарынан баш тартып, реформалар болооруна касам ичкен. Ноябрдагы шайлоодон кийин өлкөдө байистүү ислам партиясы – “Акыйкат жана өнүгүү” партиясы – башкарган коалициялык өкмөт түзүлгөн болчу. Бул өкмөт мамлекетте социалдык абалды жакшыртууга убада кылган.

XS
SM
MD
LG