Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Цементтин баасы өкмөттө талкууланды


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн цементтин баасы боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга “Визор холдинг” жетекчиси Айдан Карибжанов жана Канттагы цемент-шифер комбинатына ээлик кылган “Юнайтед цемент групп” башчысы Владислав Ким катышты.

Айдан Карибжанов жакында Канттагы комбинаттын меши таш көмүргө өтөөрүн, ошондо даяр продукциянын көлөмү өсүп, баа арзандай баштаарын айтты. Ал эми Владислав Кимдин айтымында, цементтин баасын жасалма түрдө жогорулатуучу схемага бөгөт коюлат.

Жаз келип, курулуш иштери жанданганда цементтин баасы кескин көтөрүлгөн учурлар Бишкекте көп болот. 400 сомго жетпеген баада сатылып жаткан цементтин бир мүшөгү азыр 500 сомдун тегерегинде болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG