Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Сирияда жети кыргызстандык байкоочу иштеп жатат


Сирияда иштеп жаткан эл аралык байкоочулардын арасында Кыргызстандын 7 өкүлү бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директорунун орун басары Нуран Ниязалиев маалымдады.

Анын айтымында, коргоо, ички жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин офицерлеринен куралган топ 7-майда Сирияга жөнөп кеткен. Алардын бардык чыгымдарын БУУ көтөрөт.

Бүгүн, 29-майда Улуттар уюмунун бейпилдикти орнотуучуларынын күнү белгиленүүдө. Расмий маалымат боюнча, учурда чет мамлекеттерде Кыргызстандан барып эл аралык тынчтыкты орнотуучулардын миссиясына катышып жаткандардын жалпы саны 33 адамды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG