Күчү 5,8 баллга жеткен жер силкинүүсү бүгүн кайрадан Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья аймагында болду. Италиянын борбордук өкмөтү маалымат агенттиктеринин жер титирүүдөн кеминде сегиз адам өлгөндүгү тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме жасап тараткан кабарларын азырынча ырастай элек.
Мындан тогуз күн мурда, 20-майда ушул аймакта күчү 6 баллга жеткен зилзаладан 7 киши каза таап, жүздөгөн киши жаракат алган, 7000дей адам үй-жайынан көчүрүлгөн.
Бүгүнкү жер силкинүүсү мурдагы жер титирөөдө зыян тарткан айрым имараттардын кыйрашына алып келген.( UE)