Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Парламентте тышкы саясат мыйзамы каралат


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын тышкы саясаты жөнүндө” мыйзам долбоору каралат. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, баяндамачы катары долбоордун демилгечиси депутат Каныбек Иманалиев маалымат берет. Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныктаары бир канча айдан бери талкууланып келатат.

2010-жылы июн айында кабыл алынган Башмыйзамда өкмөт өлкөнүн ички жана тышкы саясатын ишке ашыраары жазылганы менен саясатты ким аныктаары так белгиленген эмес. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, тышкы саясатты аныктоо укугу президентке ыйгарылмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG