Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Франция Сирияга каршы сырттан куралдуу сокку урулушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт


Кечээ Франциянын жаңы президенти Франсуа Олланд: “Эгер Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши муну колдосо, анда Сирияга сырттан аскерий кийлигишүү болушун да жокко чыгарбайбыз”, - деди. “Франция-2” телеканалына сүйлөгөн Олланд: "Аскерий кийлигишүү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши тийиштүү чечим кабыл алганда, баары эл аралык мыйзамдардын чегинде өтөөрү кепилденгенде болушу мүмкүн", - деди.

Вашингтон болсо аскерий кийлигишүүнү “туура чечим деп эсептебей” турганын, бирок эч кандай вариантты жокко чыгарбасын билдирди. Өткөн аптада Сириянын Хула айылында 108 адамдын (алардын ичинде аялдар менен жаш балдардын) кырылганы тууралуу кабардан кийин, АКШ, Канада, Австралия жана бир топ Европа мамлекеттери өздөрүнөн сириялык элчилерди чыгарышканын билдиришүүдө.

Ал арада Улуттар уюму менен Арап лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан Сирияда жүрөт. Ал кечээ президент Башар Асад менен жолугушуп, жаңжал өтө жогорку чегине жеткенин билдирди, кан төгүүлөрдү тезинен токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG