Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

1-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
31-майдан 2-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
1-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолу аймактарда кар түшөт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Баткенде түнкүсүн 11...16 күндүз 25..30 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12 градус, күндүз 18...23
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20..25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 17...22,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5, ал эми күндүз 4..9 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 27...29 градус болот.

XS
SM
MD
LG