Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Украинада Тимошенкого дагы төрт кылмыш иши боюнча айып тагылышы мүмкүн


Виктор Пшонка
Виктор Пшонка
Өлкөнүн баш прокурору Виктор Пшонка “Фокус” журналына сүйлөп жатып, азыр түрмөдө жаткан экс-премьер-министрге дагы төрт башка кылмыш иши боюнча иш ачылганын айтты. Баш прокурордун айтымында, 1996-жылы киши колдуу болгон ишкер Евгений Щербанды өлтүргөндөргө Тимошенкого тиешелүү делген фирмалардын биринин банк эсебинен 2 млн. доллар акча которулганы далилденди.

Андан сырткары, 1990-жылдары Тимошенко жетектеген энергетикалык компания Орусиянын Коргоо министрлигине чоң суммада карыз болуп калышына байланыштуу иште да мурдагы премьердин ысмы аталууда.

Тимошенко "өкмөттү жетектеп турганда бийлигинен ашкере пайдаланган" деп табылып, былтыр октябрда жети жылга түрмөгө кесилген. Анын колдоочулары болсо мурдагы премьер саясий себептерден улам кесилген деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG