Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Британияда Елизавета II такка отурганынын 60 жылдыгы белгиленүүдө


Майрамга байланыштуу Темза дарыясында миңдей кеме-кайык катышкан парад өтөт. Бул 1662-жылы король Карл II тактыга отургандан берки эң чоң дарыя салтанаты. Парадды 1 миллиондой адам көрөрү айтылууда. 86 жаштагы Елизавета үй-бүлөсү менен адеми жасалгаланган падыша кемесинде салтанатты баштап жүрөт. Соңку сурамжылоо британдардын 80 процентке жакыны монархиялык бийликтин сакталышын жактаарын көрсөткөн. Елизавета падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Британ монархтарынан буга чейин “бриллиант юбилейди” 1897-жылы падыша Виктория белгилеген. Кечээ башталган салтанат дагы эки күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG