Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Бишкекте кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланууда


Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны тактоо маселесине арналган өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн чек ара делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди.

Анын айтымында, күн тартибинде 5-6 маселе бар. Кыргыз тарап чек араны тактоодо 1958-1959-жылкы картанын негизинде иштөө керек деп жатат, ал эми тажик тарап 1924-1927-жылдардагы картаны негиз катары алуу пикирин карманып келет.

"Бирок бул эки документ менен дал келген жерлерди тактап жазып кете беребиз деп сүйлөштүк. Азыр жумушчу топ ошонун негизинде иштеп жатат" - дейт Искандаров.

Кыргызстан Тажикстан менен 971 чакырым чектешип турат, анын 471и талаш жер экени айтылып келет. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG