Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

АКШ Мамкатчысы Кавказдагы сапарын баштады


Хиллари Клинтон армян президенти Серж Саркисян менен кездешүүдө. Ереван, 4-июнь, 2012-жыл.
Хиллари Клинтон армян президенти Серж Саркисян менен кездешүүдө. Ереван, 4-июнь, 2012-жыл.
Түштүк Кавказдагы үч өлкө боюнча сапарынын алкагында Хиллари Клинтон бүгүн Арменияга келди. Еревандагы сүйлөшүүлөрдө Тоолуу Карабахтан улам узактан бери чатакташып жүргөн Армения-Азербайжан ортосундагы тынчтык жараянды алга жылдыруу маселесине да көңүл бурулары күтүлүүдө.

Армениядан соң АКШ Мамкатчысы Грузияга барат. Ал жерде Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, Клинтон АКШ менен Грузиянын стратегиялык өнөктөштүк комиссиясынын олтурумуна катышат. Грузиядан соң шаршембиде Клинтон Бакуга токтойт. Андан ары Түркияга кетет. (UE)

XS
SM
MD
LG