Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

НАТО Пакистан жолуна альтернатива тапты


НАТО Ооганстандагы аскерий техникаларын Борбор Азия аркылуу ташып чыгуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишим түздү. Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Брюсселде жарыя кылды:

- Бул келишим бизге зарыл ишенимдүү жана ыңгайлуу жол системасын пайдаланууга кеңири мүмкүндүк берет.

Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк былтыр ноябрга чейин Пакистандан келчү. Нобярда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан Ооган-Пакистан чек арасында пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин, Исламабад жолду жаап салган. 2013-жылы НАТО Ооганстандын коопсуздугун Ооган аскерлерине тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн негизги колун чыгарып кетет.

XS
SM
MD
LG