Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Баптисттердин үйүн өрттөгөндөргө кылмыш иш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Мира Мааткасымова билдирди. Анын айтымында, кылмыш иш боюнча төрт кишиге айып тагылып, алардын экөө камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.

Токтогул шаарчасында өткөн айда баптист динине өткөн тургундун үй-жайы өрттөлгөн. 2010-жылы ушундай диний агымдагы дагы бир адамдын үйүн тоноо фактысы катталган. Кыргызстанда жер-жерлерде мусулманчылыктан башка динди тутунгандарды кодулаган учурлар кездешет. (EBM)

XS
SM
MD
LG