Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Казакстан: Жоголуп табылган чек арачы камакка алынды


Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Алматы облустук акимчилигине жана Ички иштер министрлигине шилтеме жасаган маалымат агенттиктери камакка алынган Владислав Челах 14 кызматташын өлтүргөнүн моюнга алганын кабарлашты.

Он төрт казак чек арачысынын жана бир токойчунун күйгөн сөөгү бир апта мурда казак-кытай чек арасындагы бекеттен табылган эле. Ал жерде кызмат өтөгөндөр ичинен дайынсыз жоголду деп эсептелген он бешинчи чек арачы ушул шейшембиде тирүү табылган.

Ал кесиптештеринин өмүрүн кыйууга эмне себептен барганы белгисиз.

Чек арачынын туугандары “Азаттыктын” казак кызматына ал күнөөсүз деген ишенимде тургандыктарын айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG