Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

ШКУ төрагалыгы Кыргызстанга өттү


Кытай ШКУ өнүктүрүү банкын түптөөгө 10 млрд. доллар бөлдү. "Азаттыктын" Бейжинде жүргөн кабарчысы билдиргендей, бул тууралуу Кытайдын президенти Ху Цзинтао бүгүн Бейжинде өтүп жаткан Шанхай Кызматташттык уюмунун саммитинде жарыялады. Ху Цзинтао ошондой эле уюмдун 10 жылдык өнүгүү планын кабыл алууну сунуш этип, ШКУнун төрагалыгы Кыргызстанга өткөндүгүн белгиледи. Кытайдын мамлекет башчысы мындан тышкары башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө каршы экендигин белгиледи, бирок бул жааттагы Батыш өлкөлөрү жана Орусия менен Кытайдын ортосундагы Иран менен Сирия боюнча талашы тууралуу түз сөз кылган жок.

Саммитке Кыргызстандан катышып жаткан президент Атамбаев кечээ "Казакстан менен Кытайдын аймактык долбоорлорун Кыргызстан колдойт” деп айткан. Атамбаевдин бүгүн Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен жолугушуусу пландалган. Атамбаев кечээ 4-июнда башталган Кытайга расмий сапары натыйжалуу болгонун билдирген. (JCh)

XS
SM
MD
LG