Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Ошто мыйзамсыз жүргөн эки чет өлкөлүк жаран депортацияланды


1-июндан тарта Ош шаарында киргизилген паспорттук режимдин алкагында аймакта мыйзамсыз жүргөн эки чет өлкөлүк жаран аныкталып, депортацияланды. Дагы 46 чет өлкөлүк милициянын көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Бирок алардын кайсы мамлекеттин жараны экени айтылган жок. Андан сырткары, 31-майда башталган 10 күндүк “Арсенал” рейдинин алкагында эл арасында мыйзамсыз сакталып жаткан 17 курал-жарак алынган. Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Шаардык милициянын башчысы билдиргендей, бүгүнкү күндө Ошто коомдук-саясий абал стабилдүү. Тынчсызданууга негиз жок экени айтылды. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG