Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Улуттук азчылыктын укугун коргоо кеңеши түзүлдү


Акыйкатчы институтунун алдында 11 кишиден турган Улуттук азчылыктын укугун коргоо боюнча коомдук кеңеш түзүлдү. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” айтымында, бүгүн кеңештин төрагалыгына Жекшен Өмүров, орун басарлыкка Касым Мадумаров жана жооптуу катчылыкка Надира Кабылова шайланды. Ал эми кеңештин калган мүчөлөрү 15-июнга чейин такталат. Кеңеш ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турат.

Кеңеш түзүү чечими улуттук азчылыктын бир катар арыздарынан кийин кабыл алынган. Айрыкча 2010-жылдан кийин өлкө түштүгүндө өзбек тектүү жарандардын укугу бузулуп, мал-мүлкүн тартып алган, куугунтуктаган жана сот иштери кечеңдеген фактылар боюнча Акыйкатчы институтуна арыздар көп түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG