Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Төрага Жээнбеков сел баскан айылдарды кыдырып жүрөт


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун сегизинчи ирет сел каптаган Серный кыштагынын 200дөй тургуну менен жолугушту.

Жергиликтүү тургундар жол, суу, дарыя жээктерин бекемдөө жана селден жабыркаган үйлөргө жардам көрсөтүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат катчысы Садырбек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, селдин айынан айылдагы 639 үйгө зыян келген. 203 үйдүн ичине жана 358 короо-сарайга суу кирип, 5 үй бузулган, 28 үй жашоого мүмкүн эмес деп табылган.

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин эсебинен 100 миң сом жардам берилерин, жээктерди бекемдөө жана техника жагынан жардам берүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүүгө убада берди. Түштөн кийин ал селден жабыркаган Базар-Коргон районун кыдырууда. (YA)

XS
SM
MD
LG