Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ош шаарында “Тынчтык коңгуроосу” орнотулду


Июнь окуясынын эки жылдыгында мерт болгондорду эскерүү алкагында коңгуроо орнотуу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев баштаган расмий өкүлдөр жана шаардыктар, шаардын коноктору катышты.
Аймактагы кабарчыбыздын билдиргенине караганда “Тынчтык коңгуроосу” жылына бир жолу – Июнь окуясын эскерүү маалында кагылат. Ал Борбордук аянттагы “Энелердин көз жашы” эстелигинин жанына коюлду. 50 килограмм салмактагы коңгуроону жасоого 2 килограмм тыйын эритилип, пайдаланылган, 750 миң сом сарпталган. Коңгуроого Ош шаар мэриясы менен Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу демөөрчүлүк кылган. (SJ)

XS
SM
MD
LG