Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

Шашылыш эскертүү


Кыргызстанда 14-18-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам тоо этектеген аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат.

14-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу.

Бишкекте 14-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 12... 14, күндүз 28... 30 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG