Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Июнь коогасы боюнча жаңы отчет Австрияда угулат


Норвегиялык Хелсинки комитети менен Москвадагы "Мемориал" адам укуктары уюму биргеликте жүргүзгөн кеңири иликтөөнүн жыйынтыгы бүгүн Вена калаасында коомчулуктун кароосуна коюлат. Отчетто 2010-жылы июнь коогасынын башталышы, Ош шаарында карапайым тургундардын өлтүрүлүшү менен үйлөрдүн өрттөлүшүнүн хронологиясы саатына, кээде мүнөтүнө карап калыбына келтирүү аракети жасалган. Буга чейинки отчеттордон айырмаланып, жаңысында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү, куралдардын таркатылышы, 10-июндун түнүндө биринчи октун атылышы боюнча документтердин бурмаланышы, алгачкы курмандыктар кимдер болгондугу өңдөнгөн маанилүү факторлор келтирилет. Отчетту жазууга кыргызстандык укук коргоочулар, анын ичинде "Кылым шамы" уюму катышкан. Документтин алгачкы долбоору менен Кыргызстандын бийлик чөйрөлөрү жыл башында эле таанышууга мүмкүндүк алышкан. (JCh)

XS
SM
MD
LG