Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Майкрософт Ай Падды туураган тактасын чыгарды


Компютердик программа жасоочу Майкрософт Эппл фирмасы Ай Пад менен атаандашуучу жаңы такта компютерин жарыялады. Сөрфес деп аталган такта Майкрософт даярдап жаткан Уиндоус 8 операциялык системага негизделген. Жабдыктын көлөмү жана салмагы Ай Пад менен дээрлик бирдей. Майкрософт биринчи кезекте компютердик программа жасоочу катары белгилүү, бирок буга чейин Икс-Бокс деген оюн ойноочу жана З үн деп аталган музыка ойнотуучу жабдыктарын чыгарган. Аналитиктердин болжолунда, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Ай Пад менен тең тайлашкысы келсе Сөрфестин компютердик программасы менен сырткы жасалгасы төп келиши керек. (JCh)

XS
SM
MD
LG