Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

АКШ, Франция, Орусия Тоолуу Карабак боюнча билдирүү жарыялады


Аталган өлкөлөр Азербайжандан бөлүнүп кеткен Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Армения менен Азербайжанды чечкиндүү чара көрүүгө чакырган биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Мексикадагы өнүккөн 20 мамлекеттин курултайында жактырылган документте былтыркы ушундай эле мазмундагы билдирүүгө эки өлкөдөн жооп болбогонуна өкүнүү камтылган. Үч өлкө Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун Карабак жаңжалын жөнгө салуу менен алектенген Минск тобуна кирет. Тоолуу Карабактын чек ара аймактарындагы кечээки атышууда бир армян аскери окко учуп, бир азери жараат алганы кабарланууда. (JCh)

XS
SM
MD
LG