Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Standard Club орусиялык кемени "сызга отургузду"


Британиянын Standard Club камсыздоо компаниясы Сирияга аскерий техника ташып баратат деп шектелген орусиялык кемени камсыздоону токтотту. Standard Club бүгүн жарыялаган билдирүүдө “Алаид” кемеси каруу-жарак ташып, компаниянын эрежесин бузганын маалымдады. Ээлери кемени жаңыдан камсыздамайын, деңизге сүзүп чыга албайт. Кеме азыр Шотландиянын түндүк жээгинен 80 чакырымдай жерде турат. Британиянын Тышкы иштер министрлиги “Алаид” кемеси Орусияда жасалган тикучарды Сирияга ташып баратканынан кабардар экенин тастыктады. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин билдиришинче, ал орусиялык коллегасына Сирияга каруу жарак ташуу токтотулууга тийиш экенин айткан.

XS
SM
MD
LG