Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ош: Муфтийге мечитте жума намазга мүмкүндүк берилген жок


Өлкөнүн муфтийи Чубак ажы Жалиловду Оштогу Сулайман-Тоо мечитине жума намазга келген жеринен адамдардын тобу каршы алып, намаз окууга мүмкүндүк берген жок. Күбөлөрдүн айтымында, муфтийди мечиттин ачылышына келбей койгондугу, эки улуттун ортосуна чагым жага турган маалымат тараткандыгы үчүн күнөөлөшкөн. Андан сырткары, ажылыкты уюштурууда өзүм билемдик кылып жатканы үчүн айыпташкан. Чубак ажыны көздөй ар кандай нерселер ыргытылганы да айтылууда. Андан соң муфтий жума намазын окубай чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бул маалыматты муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев да тастыктады. Анын айтымында, Чубак ажы шаардагы ал-Баакый атындагы мечитке барып, жума намазын окуган.

Муфтий бүгүн төрт күндүк иш сапар менен Ошко келген.

Бир ай мурда Чубак ажы ал-Бухарий мечитинде кыргыз жана өзбек улутундагылар ортосуна чагым жага турган катты окуп, ага комментарий бербей, мечиттен чыгып кеткени кабарланган эле. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG