Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Азербайжанда этникалык азчылыктын журналистин баңги сактаган деп камашты


Бакы шаарындагы “Талыш авазы” көз карандысыз басылмасынын башкы-редактору Хилал Мамедовду кечээ белгисиз бирөөлөр кармап кетишкен. Бул тууралуу бүгүн Тынчтык жана демократия үчүн институтунан кабарлашты. Журналистти алгач белгисиз бирөөлөр кармашкан, кийинчерээк анын туугандарына телефон аркылуу Мамедов полицияда экенин айтышкан.
Туугандарынын ишениминде, журналист эч качан баңги колдонгон эмес. Алар Мамедовду саясий себептерден эле кармашкан деп ишенишет. Азырынча полиция Мамедовдун кармалышы жөнүндө эч кандай маалымат бере элек. Ал жетектеген гезит фарси тилинин бир нугу катары белгилүү талыш тилинде басылат. Басылманын буга чейинки редактору, Азербайжандагы талыш азчылыгынын лидери Новрузали Мамедовду “Иранга тыңчылык кылат” деп 10 жылга камап салышкан. 2009-жылы ал түрмөдө каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG