Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Түлеевдин онкологиялык дарты бар экени айтылууда


Бүгүн депутат Нариман Түлеевдин дарыгери Мария Данько Түлеев онкологиялык дарттан жабыркаарын Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутат буга чейин Бишкекте жана Германиянын Мюнхен шаарында эки жолу башынан операция болгон. Мындан улам Мария Данько депутаттын камакта кала бериши жана ачкачылык жарыялашы анын ден-соолугуна олуттуу залакасын тийгизет деп эскертүүдө. Адвокат Султан Баратов болсо, Түлеевди камакка алууга бөлүнгөн 48 сааттык мөөнөт бүгүн кечинде аяктаарын билдирди. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG