Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Испания банк системасы үчүн насыяны расмий сурады


Өлкөнүн экономика министри Луис де Гиндостун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, каржылык жардам суралган кат Евротоптун президенти Жан Клод Юнкерге жолдонду.

Испания каржалган банктарын куткаруу үчүн евроаймактагы өнөктөштөрүнөн канча акча сурап жатканы так белгисиз. Көз карандысыз кеңешчилер өткөн аптада акча тартыштыгын сезген испан банктары алдыдагы үч жылда кеминде 62 миллиард еврого муктаждыгын билдиришкен.

Евроаймак мурдараак испан банктарына 100 миллиард евро ажыратууга даяр экендигин ишара кылган. Экономикалык төмөндөөнү баштан кечирип жаткан Испанияда азыр жумушсуздук деңгээли 25 пайызга жеткен кез.(UE)

XS
SM
MD
LG