Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Бабанов: Ар беш айда өкмөттү алмаштырууга болбойт


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов КТРК аркылуу көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн кетишин талап кылуу үчүн негиз керек деп билдирди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда коалицияга кирген фракциялар өз чечимдери үчүн жоопкерчиликти сезиши зарылдыгын, өкмөттүн отставкасын талап кылгандардын жүйөлөрү негиздүү болушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары ар бир беш айда өкмөттү алмаштыра берүү өнүгүүгө алып келбей турганын кошумчалады. Буга чейин Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар өкмөт башчыны кетирүү максатында кол топтой баштаганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG