Донецкиде Португалияны 4-2 эсебинде уткан Испания финалга чыкты. Иберия жарым аралындагы эки коңшу 120 мүнөт бир да топ киргизбей ойноп, пеналтиге барууга туура келди. Финалда Испания 2008-жылдагы европалык титулун коргойт.
Бүгүн Киевде ойной турган Германия менен Италиянын кимиси жеңсе, ошол Испания менен беттешет. Финалдык оюн Украинанын баш калаасында жекшемби күнү өтөт.
Бүгүн Киевде ойной турган Германия менен Италиянын кимиси жеңсе, ошол Испания менен беттешет. Финалдык оюн Украинанын баш калаасында жекшемби күнү өтөт.