Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Түркия Кыргызстанга жүз миллион доллар берет


Бүгүн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимге кол коюлду. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, келишим боюнча түрк өкмөтү Кыргызстанга 100 миллион доллар кредит жана 6 миллион доллар кайтарымсыз грант берет. Келишимге кыргыз тараптан Каржы министри Акылбек Жапаров жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Нежат Акчал кол койду.

100 миллион доллар кредит Кыргызстанга 0,1 пайыз менен 20 жылга берилмекчи. Аталган каражаттар келишим эки өлкөнүн парламентинде ратификациядан өткөндөн кийин бөлүнө баштайт. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бул келишимге кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин быйыл жыл башындагы Стамбул сапарында жетишилген.(KKs)

XS
SM
MD
LG