Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

АКШнын Жогорку Соту Обаманын саламаттык реформасынын башкы бөлүмүн күчүндө калтырды


Сот америкалык жарандардынын көпчүлүгүндө саламаттык камсыздоо болушун талап кылган президент Барак Обаманын мыйзамынын негизги бөлүгүн жактырды. Америкалыктардан 2014-жылга чейин саламаттык камсыздоо болушун, болбосо айып төлөттүрө турган мыйзамды Обаманын атаандаштары Конституцияга каршы келет деп сотко беришкен. Президенттик шайлоого беш ай калган мезгилде Жогорку Соттун бул чечими Обама үчүн ири жеңиш болуп калды.

XS
SM
MD
LG