Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Түлеевдин кармалышын иликтеген комиссиянын отчету даяр


Депутат Нариман Түлеевдин үйүнөн кармалып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу даярдалып бүткөнүн “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү, депутат Курманбек Осмонов билдирди. Маалыматка ылайык, комиссия депутатты кармоо учурунда мыйзам бузулду деген тыянакка келген. Мындан улам алар күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушун президентке жөнөткөнү жатат. Комиссиянын корутундусу парламенттин бүгүнкү жыйынында каралары күтүлүүдө.

Нариман Түлеев 21-июндун кечинде суракка келген жок деген жүйө менен үйүнөн кармалып, айрым депутаттардын кийлигишүүсү менен кайра бошотулган. Ишемби күнү суракка келип, анын жыйынтыгында 48 саатка камалган. 25-июнда анын баш коргоо чарасы өзгөрүп, эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Башкы прокуратура аны кармоо учурунда мыйзам бузулбаганын билдирип келет. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG