Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Казакстанда реформачы режиссер абактан бошотулду


Театр режисеру Болат Атабаев Актау түрмөсүнөн бошонуп чыкты. 15-июнда камакка алынган Атабаевге Жаңы-Өзөн шаарындагы өткөн декабрда тартип коргоочулар 16 демонстрантты атып өлтүргөн окуяга байланыштуу “коомдук жек көрүүчүлүктү козуткан” деген айып коюлган. Март айында Атабаев Жаңы-Өзөн окуясы менен үндөш театр оюнун сахналаштырган эле.

"Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, кечээ бошотулганда Атабаевге анын “айыпталуучу” макамы “күбө” деген макам менен алмаштырылгандыгын айтышкан. Атабаевге август айында Германияда казак-немис кызматташтыгына кошкон салымы үчүн Гөте сыйлыгы тапшырылат.

XS
SM
MD
LG