Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ирактагы бомба чабуулдарынан аз дегенде 33 кишинин каны төгүлдү


Ирак боюнча бир катар жардырууларда дагы 100 чакты киши жараат алды. Кечээ күнкү эң кандуу окуя Ирактын түштүгүндөгү Дивания шаарында орун алды, анда эл котологон базарда бомба жүктөлгөн машина жарылганда кеминде 25 киши ордунда мүрт кетип, 500 чактысы жарадар болду. Буга чейинки чабуулдардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти "ал-Каиданын" Ирактагы суни канаты өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG