Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Украинада тил мыйзамына каршы жүздөгөн эл бүгүн да Киевде демонстрацияга чыкты


Киевдеги митинг, 5-июль, 2012
Киевдеги митинг, 5-июль, 2012
Жогорку Раданын көпчүлүк орунун ээлеген Региондор партиясынын депутаттары орус тилинин статусун көтөрө турган мыйзам долбоорун шейшембиде акыркы окууда жактырган. Мунун айынан депутаттар мушташканга чейин барышты.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган аймактарда соттордо, мектептерде жана мамлекеттик ишкнааларда бул тилди колдонууга уруксат берчү мыйзам долбоору жактырылганда нааразылык иретинде парламенттин спикери Владимир Литвин кызматтан кеткенин жарыялады. Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн эми ага президент Виктор Янукович кол коюшу керек.

Украинада жалгыз украин тили гана мамлекеттик деген статуска ээ. Бирок калкынын ичинде орус тилин эне тили деп билгендер көп болгондуктан тил маселеси постсоветтик бул республикада дайыма талылуу деп эсептелинген.

XS
SM
MD
LG