Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Ысык-Көл облусунда баңгилердин саны өсүүдө


Ысык-Көл облусунда баңгилердин саны өсүүдө. Бул тууралу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Былтыр облуста наркологиялык диспансерде 163 киши катталса, быйыл 364 болду. 2007-жылдан тарта 2011-жылга чейин маңзат боюнча кылмыштардын саны 196дан 261ге чейин өскөн болсо, быйыл биринчи жарым жылдыкта 116 факт катталды. Маңзатка байланыштуу кылмышкер деген шек менен кармалгандардын саны 191ден 258ге жогорлады. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG