Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги Улуттук онкология борборунун директору Накен Касиев билдирди.

Касиевдин маалымдашынча, быйылкы жылдын 6 айында 2011-жылдын ушул мезгилине караганда 300 адам көп катталган. Дарыгерлер мунун себебин социалдык абалдын начарлап, түйшүктөн улам стресске көп кабылып жатканынан жана экологиялык өзгөрүүлөрдөн көрүп жатышат.

"Муну менен катар 2010-жылдагы коогалаңда психологиялык жактан жабыркаган түштүк облустардын тургундары мындай илдеттерге чалдыгып жатканы байкалууда" дейт Накен Касиев.

Кыргызстанда 25 миңден ашык адам рак ооруларынан жабыркайт. Мамлекеттен жыл сайын бул оорудан жабыркагандарды дарылоо үчүн 10 миллион сом бөлүнөт. Бирок Касиев бул каражат керектүү сумманын 10 пайызын гана камсыз кыларын кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG