Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Түлеев Нарын шаарынын “ардактуу атуулу” болду


Нарын шаардык кеңештин депутаттары 11-июлдагы жыйынында Нариман Түлеевге “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Ардак Көкөтаев билдирди. Анын айтымында, жыйынга 28 депутаттын 22си катышты. Добуш берүү жашыруун өтүп, токтомго каршы төрт депутат добуш берди.

Түлеевге “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу боюнча сунуш шаар тургундарынан 2 ай мурун түшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Түлеевди Бишкек шаарынын мэри кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыптап камакка алган. Учурда тергеп-иликтөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG