Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Импорт кумшекерге кошумча бажы төлөмүн киргизүү сунушталууда


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги сырттан ташылып келген кумшекерге 30 пайыздык сезондук бажы төлөмүн киргизүү керектигин билдирүүдө. Аталган министрликтин Атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин башчысы Данил Ибраевдин айтымында, бажы төлөмүн 1-марттан 1-сентябрга чейин киргизүү зарыл.

Кыргыз базарларында кумшекердин 80ден ашык пайызы четтен келет жана негизинен Беларус, Азербайжан жана Орусиядан алынат. Баасы жергиликтүү кумшекерге салыштырмалуу арзан.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2011-жылы 20 тонна кумшекер өндүрүлгөн жана бул ички керектөөнүн 10 пайызын жабат.

Сырттан келген кумшекер арзан болгондуктан жергиликтүү дыйкандар кант кызылчасын түйшүк-мээнетти актабайт деп айдабай жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG