Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Пакистан президентинин иши кайрадан кароодо


Пакистандын Жогорку Соту президент Асиф Али Зардариге каршы козголгон коррупция боюнча кылмыш ишин кайрадан ачууну премьер-министр Ража Первез Ашрафка буйруду. Сот премьер буйрукту аткарууга милдеттүү деп катуу эскертип, 25-июлга чейин убакыт берди. Өткөн айда мурдагы өкмөт башчы Юсуф Реза Гилани соттун чечимине баш ийбей койду деп кызматынан алынган. Зардариге каршы иш 2007-жылы ал кездеги мамлекет башчы Первез Мушарафтын мунапысы менен кыскартылган. Кийин сот ал мунапыс мыйзамсыз болгон деп чечкен. Өкмөт президенттин кол тийбестигин жүйө келтирип, ишти кайрадан ачуудан баш тартып келди. Зардари өзү кылмыш ишинин артында саясат турганын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG