Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

АКШда өзбек жараны 15 жылга кесилди


Кошмо Штаттарда өзбек жараны Улугбек Кодиров АКШ президенти Барак Обамага каршы кутум уюштурду деп, 15 жылга соттолду. Ал быйыл февралда сот жараяны маалында Барак Обаманы шайлоо өнөктүгү маалында атып өлтүрмөк болгонун мойнуна алган. Кодировдун айтышынча, ал кыянаттыкка интернет аркылуу Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү менен сүйлөшкөн соң бармак болгон. Кодиров планын ишке ашыруу үчүн курал сатып алмак болуп жатканда каруу жарак дүкөнүнүн сатуучусу айтып кармалган.

22 жаштагы Улугбек Кодиров АКШга 2009-жылы медициналык билим алам деп келип, бирок университеттин эшигин эгерим аттабаптыр.

XS
SM
MD
LG