Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Чекарачылар Олимпиадага бараткан кесиптешине ийгилик каалады


УКМКнын Чек ара кызматынын командачысы Закир Тиленов Лондон олимпиадасына аттанып жаткан мерген Руслан Исмаилов менен жолукту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Башкы командачы спортчу-мергенге ийлигик каалап, Манастын элеси түшүрүлгөн картина белек кылды.

24 жаштагы сержант Руслан Исмаилов УКМКнын чек ара кызматынын аскер кызматкери. Ал 2012-жылкы Лондон олимпиадасына ок атуу спорту боюнча катышат.

Исмаилов 2008-жылы да Бээжин олимпиадасына катышкан. Республикалык жана эл аралык деңгээлдеги 70ке чамалуу медалдын ээси Руслан Исмаиловду атасы Тахир Исмаилов машыктырат. (MTo)

XS
SM
MD
LG