Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Өкмөт электрондук сооданы ишке ашырууну көздөп жатат


Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, "замандан артта калбай, өнүккөн мамлекеттерден мисал алып, Кыргызстан да электрондук соода системасына өткөн жатат". Тиешелүү мыйзам долбоору даярдаланып, коомдук талкууга чыгарылды.

- Кыргыз Республикасы айкын маалыматтык дүйнөгө киргендиктен ал өнүгүп жаткан жана өнүккөн мамлекеттердин ортосундагы санариптик таӊкыстыкты жоюуга кадам шилтеп жатат, - дейт Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин башчысы Темир Сариев мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө. – Акыркы убакытта өнүккөн мамлекеттер маалымат коомунун дүйнөсүнө кирип жатканын көрүүдөбүз. Ишкердикте бул принцип өзүнүн орун таап, интернет аркылуу же электрондук соода аркылуу жаӊы экономика бат өнүгүп баратат.

"Ылдам өнүгүп бараткан электрондук соода мыйзам чегинде көзөмөлдөнүүгө муктаж", - деп кошумчалады документте министр Темир Сариев. (ТТо)

XS
SM
MD
LG