Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:53

Электр энергиясын саткан ортомчу 3 компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды


Дагы үч компаниянын иши токтотулуп, бирөөнө кылмыш иш козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бөлүм башчысы Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, ушул тушта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат менен бирге мындай компанияларды текшерүүнү улантып жатат.

Өткөн аптанын этегинде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов Энергетика министрлигинин отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаментинин башчысы Айгүл Султанкулованы ортомчу компаниялардын лицензияларын жокко чыгаруу боюнча иш алып бара алган жок деген негизде иштен алган.

Кыргызстанда электр энергиясын саткан 21 ортомчу компания бар. Коомчулукта бул компаниялар коррупциянын булагы экени айтылып, аларды жоюу демилгеси көтөрүлүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG