Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Прокуратура: баланы асыроого берген уюмдарды каттоодо эреже бузулган


Башкы прокуратура кыргызстандык балдарды чет өлкөлүк жарандарга асыроого берген уюмдарды каттоо боюнча текшерүү жүргүздү. Ага ылайык Социалдык өнүктүрүү министрлиги одоно каталарды кетиргени аныкталды. Бала асыроо боюнча жободо жемкордукка жол ачкан жылчыкчаларды тапты. Прокуратура 10 чет өлкөлүк фирмага берилген аккредитацияны жокко чыгарууну сунуштады.

Башкы прокуратура 30-июнда Социалдык өнүктүү министрине жана анын жардамчысына кызматынан кыянаттык менен пайдаланып акча өндүргөн деген айып менен кылмыш иш козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынганын билдирген.

2009-жылы кыргызстандык балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жатат деп тыюу салынып, 2011-жылдын июнь айында гана бул тыюу алынып салынган эле. Андан соң Социалдык өнүктүрүү министрлиги алдында атайын комиссия түзүлүп, чет өлкөлүк фирмаларды каттоого алуу милдети жүктөлгөн. Бул комиссия өткөн жылдын декабрь айынан тарта ишин баштап, Кыргызстанда иштөөнү каалаган 24 фирманын ичинен 10 фирманы тандап алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG