Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Улуттук гвардиянын 20 жылдыгы белгиленет


19-21-июль күндөрү Улуттук гвардиянын түптөлүшүнүн 20 жылдыгы белгиленет. Улуттук гвардиянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул күндөрү гвардиянын жоокерлеринин ар кыл чеберчиликтери элге көрсөтүлүп, майрамдык концерт уюштурулат.

Ошондой эле Кыргызстанда алгач ирет Улуттук гвардиянын атайын бөлүгү Бишкектеги борбордук аянтка парашют менен келип түшөт.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясы 1991-жылы 3-декабрда түзүлгөн. Бирок 1992-жылы 20-июлда гвардиянын жоокерлери алгачкы жолу аскердик ант берип, бул күн Улуттук гвардиянын күнү катары кабыл алынган.

Улуттук гвардия Кыргызстандагы эӊ кадыр-барктуу аскердик бөлүк болуп саналат. Гвардиянын аскерлерине мамлекеттик тууну кайтаруу, чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алуудагы протоколдук иш-чараларды аткаруу милдети жүктөлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG